Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29- февралы № 26/3
“Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө”
Катран айыл өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү иш чарасын карап, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Катран айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнө даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Катран айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жазгы талаа жумуштары боюнча аткарылуучу иш чаралар бекитилсин.
3. Эгиндерди сугат сууменен камсыз кылууда “Тешик” насостук станциясынын жүргүзүп жаткан иштери көнүлгө алынсын.
4. Иш чарага ылайык иштерди жүргүзүү жер адис Н.Салимбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер комитетинин төрагасы Р.Илмияновго тапшырылсын.
Төрага | Акматов А. |