Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 3
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын угуп, 01.01.2018-жылга калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Дөөлөтбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 2-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга калган акча каражаты боюнча жалпы 2 024,7 миң сом менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Башкаруу апаратына- 1824,7 миң сом
- Маданият тармагына- 170,0 миң сом
- Билим берүү тармагына 30,0 сом
2. Калдык акча каражатынын эсебинен айылдык аксакалдар сотунун жылдык эмгек акысы үчун 6,0 миң сом, соц фонддук төлөмү үчүн 1,0 миң сом жана айылдык Кеңештин төрагасынын эмгек акысы үчун 11,1 миң сом, соц фонддук төлөмү үчүн 1,9 миң сом менен бекитилсин.
3. АРИС проектисинин негизинде келүүчү техникаларга өздүк салымы үчүн 980,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Атайын каражаттан калган 2018-жылга калдык акча каражаты боюнча 57,7 миң сом менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Бала бакчага- 14,4 миң сом
- Башкаруу аппаратына- 43,3 миң сом
5. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Иманкулов |