КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
17-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы
2018-жылдын 26-апрели № 3/3
«Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кара-Суу айылынын «Супа-Булак» бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовдун маалыматынын негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2018-жылга бюджети 456 240 ( төрт жүз элүү алты миң эки жүз кырк) сом менен бекитилсин.
- «Супа-Булак» бирикмесинин киреше, чыгаша жана нарктык 2018-жыл үчүн финансылык планы бекитилсин.
- Токтомду аткаруу, тапшырылган иштердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы «Супа-Булак» бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ш.Кабаевге тапшырылсын.