Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 1
«Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин жана 2019-2020-жылдардагы болжолдуу бюджетин пландоо жөнүндө»
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 2-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсеби төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ:
Теңдештирилген грант- 8 297,6 миң сом
Айылдык кирешеден - 3 846,5 миң сом
Баары: 12 144, 1 миң сом
ЧЫГАША:
Башкаруу аппаратына- 7 433,4 миң сом
Маданият бөлүмүнө- 727,4 миң сом
Билим берүү бөлүмүнө- 3 293,7 миң сом
Атайын каражат- 300,0 миң сом
Экономикалык маселелер- 389, 6 миң сом
Баары: 12 144,1 миң сом
2. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдардагы болжолдуу бюджетин тапшыруу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
3. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча чогултулган акча каражатын өз орду менен чогулушу жана төгүлүшү боюнча айыл өкмөтүнүн салык инспектору В.Касымбековага милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Дөөлөтббаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Иманкулов |