Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 2
«Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы 6-кезексиз сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 2-кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын тургуну Кылычбек кызы Шириндин жазган арызы канааттандырылып, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн там, сарай салууга сурап жаткан 0,15 га жер аянты Кара-Суу айылындагы Кошой-Коргон участкасындагы Нуркасымов Алтынбектин багынын оң жагындагы № 3726 контурунан берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Иманкулов |