Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 3
«Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылына бала-бакча курууга жер бөлүп берүү жөнүндө»
Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевдин 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата иш чаралар планын жана 2018-жылы айылдын чыгаан, ишкер атуулдарынын демилгеси менен Кара-Суу айылына типтүү бала-бакча курула тургандыгын жана ага тиешелүү жерге уруксат берүү жөнүндөгү маалыматынын негизинде айылдык Кенештин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевдин маалыматы канааттандырарлык жана аймакка типтүү бала-бакча куруу зарылчылыгы бар экендиги белгиленсин.
2. Аймакка тиешелүү муниципалдык бош жерлерден бала бакча куруу үчүн уруксат берилсин.
3. Тиешелүү жерди изилдеп, аныктап сунуштоо жагы жер адиси Ж.Үшүмбаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж.Иманкулов |