Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты № 1
“Кара-Суу айыл аймагынын ЖПБнин АРИСтин “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун 4-грантына конкурска катышуу жөнүндө»
Кара-Суу айыл аймагынын ЖПБнин АРИСтин “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун 4-грантына конкурска катышуу жөнүндөгү А.Шаршеналы уулунун маалыматынын негизинде аталган конкурска катышуу максатында тиешелүү макулдуктарын берүү керек экендиги жөнүндө айылдык Кенештин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын ЖПБнин АРИСтин “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун 4-грантына айыл аймагына тиешелүү вет пунктун куруу долбоору менен конкурска катышууга макулдук берилсин.
2. Бул долбоорго керектелүүчү акча каражаттары ЖПБнин бюджетинен сарпталсын.
3. Аталган конкурска катышууну камсыз кылуу, тиешелүү талаптарын жана иш кагаздары менен өз убагында камсыз кылып туруу жагы ЖПБнин төрагасы А.Шаршеналы уулуна тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж.Иманкулов |