Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 1
«Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсы Арпа жайлоосунан, Жаманты аянтындагы, Кичи-Карагоо участогунан алтын казуу жөнүндө
«Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсы 2017-жылдын 11-октябрында Өнөр-Жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитетинен берилген №5618 АЕ лицензиясынын №1 лицензиялык келишиминин негизинде Кара-Суу айыл аймагынын Арпа өрөөнүнүн Жаманты аянтындагы Кичи-Карагоо участогунун жайыт жеринен чачыранды алтынды казып иштетүү иштерин жүргүзүүгө 60,3 га жер аянтын сураган кайрылуусунун ненгизинде, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы-жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык, лицензиялык келишиминде жер ээсинен макулдук алуу максатында айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсы 2017-жылдын 11-октябрында Өнөр-Жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитетинен берилген №5618 АЕ лицензиясынын №1 лицензиялык келишиминин негизинде Кара-Суу айыл аймагынын Арпа өрөөнүнүн Жаманты аянтындагы Кичи-Карагоо участогунун жайыт жеринен чачыранды алтынды казып иштетүү иштерин жүргүзүүгө 60,3 га жер аянтын сураган кайрылуусунун ненгизинде, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы-жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык, лицензиялык келишиминин негизинде уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча жана келишим түзүү «Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсы менен келишимди тузуу жана иштетуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Кабаевге жана ЖПБнын төрагасы А. Шаршеналы уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Иманкулов |