Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 13/1
“Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2018-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2019-2020- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө”
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын
айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2018-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2019-2020- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 20623,9 мин сомго, чыгашалар 14312,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 18856,1 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 9179,1 мин сом, теңдештирүү грант 9676,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2018-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Подох. салыгы- 1587,0 миң сом
Патент салыгы- 383 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык- 10.0 миң сом
Транспорт салык- 540.0 миң сом
Огород салык- 339.7 миң сом
Айыл чарба жеринен салык- 533,9 миң сом
Айыл чарба эмес багыттагы салык-81,1 миң сом
Сатуудан түшкөн салык- 95,0 миң сом
Роялти- 2901,0 миң сом
Лизенция- 1500,0 миң сом
Жайыт акысы- 400.0 миң сом
ФПС аренда акысы- 114,2 миң сом
Тазалык жыйым- 50.0 миң сом
Атайын каражат- 645.0 миң сом
Баары - 9179,1 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 6671,6 мин сом.
Жалпысы- 18856,1 мин сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 12497,3 мин сом.
- агартуу тармагына- 4706,0 мин сом
- маданият тармагына- 1252,8 мин сом.
Баары- 18856,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 22696,1 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 22696,1 миң сом суммасында, о.э. 2020-жылга киреше бөлүгү 22585,1 миң сом жана чыгымдар бөлүгү 22856,1 миң сом суммасында бекитилсин.
4. 2018-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдраимова, Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга тапшырылсын.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |