Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 13/4
“Бугучу-Бирлик айылындагы “Калча” жамаатынын 19.11.2017-жылдагы жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө”.
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, № 3 Кеңсе шайлоо округунун депутаты Б.Асакеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бугучу-Бирлик айылындагы “Калча” жамаатынын 2017-жылдын 19-ноябрындагы элдик жыйындын токтому бекитилсин.
2. Айылдарда өтүлгөн элдик жыйындардын токтомунда аткара турган иштерин аткаруу жагы Бугучу айыл башчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынан суралсын.
Төрага | А.Өмүров |