Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 12/3
"Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кум-Дөбө айылдык аймагынын 2017-жылынын бештин айынын 21-деги № 182-буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып, Кум-Дөбө айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районун Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. "Кум-Дөбө " участогундагы камдалган (запастагы) категория жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которулсун.
3. Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2016-жылдын аяк оона айынын 13-дөгү №163б буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |