Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 12/5
“Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында “Коомдук үрөн фондусун” түзүү жана атын коюу жөнүндө”
Депутаттардын VI -чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин айыл аймагында “Коомдук үрөн фондусун” түзүү, атын коюу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында “Төрт-Күл” коомдук үрөн фонду түзүлсүн.
2. “Төрт-Күл” коомдук үрөн фондунун төрагасы Турусбеков Керезбек шайлансын.
3. “Төрт-Күл” коомдук үрөн фондусунун Уставы бекитилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |