Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 12/6
“Кум-Дөбө айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдагы инвестициялык планын бекитүү боюнча АРИС тарабынан каржылана турган акча каражатынын пайдаланылышы жөнүндө”
Депутаттардын VI -чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ЖПБнын төрагасы К.Жукешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы ЖПБнин 2017-жылга инвестициялык планы бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын ЖПБнин тарабынан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” Долбоорунун алкагында АРИС тарабынан каржылануучу акча каражаттарына атайын техникасын сатып алуу долбоору жактырылсын.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги каражатынан 1 млн 200 миң сом акчалай суммада, Кум-Дөбө айыл аймагындагы жайыт ЖПБне атайын техника сатып алууга өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
5. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп, “Кочкор веб” сайтына жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |