Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 12/7
“Кум-Дөбө айыл аймагындагы жерлерди участкаларга бөлүп берүү жөнүндө”
Депутаттардын VI -чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы огороддорго бөлүнүп берилген төмөндөгү жерлер участкага бөлүнүп берилсин.
1. Шамшы айылынан “Кум-Бел” участкасынан-70 га
2. Ак-Жар айылынан “Азатбек” участкасынан -30 га
3. Бугучу айылынан “Желе-Дөбө” – 40 га
2. Жогорудагы огородго берилген жерлердин иш кагаздарын, мамлекеттик каттоо башкармалыгынан өткөрүп берүү жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |