Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 1-1
«Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.Субагожоевдин 2017-жылдын 13-декабрындагы чыгыш №1814 сандуу сунушу жөнүндө»
Ат-Башы айылындагы «Чатыр-Көл» кинотеатрын маркум Сабырахунов Абабекирахун атындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры деп атоого сунушталган материалдарды угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры маркум Сабырахунов Абабекирахун атындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры деп атоого макулдук берилсин.
2. Ат-Башы айылындагы Сабырахунов Абабекирахун атындагы «Чатыр-Көл» кинотеатры болуп которулгандыгы боюнча укуктук юридикалык документтерин өзгөртүү жагы кинотеатрдын директору Ашымова Мээримге тапшырылсын.
3. Сабырахунов Абабекирахундун аты берилген «Чатыр-Көл» кинотеатрына ремонт иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жагы маркумдун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |