Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 1-4
«Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө»
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 26 955 100 (жыйырма алты миллион тогуз жүз элүү беш миң бир жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 26 260 100 (жыйырма алты миллион эки жүз алтымыш миң бир жүз) сомго бекитилсин;
Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |