Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 1-5
«Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2018-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө»
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2018-жылга карата 1 969 793 сом 05 тыйын калдык жана атайын эсебиндеги 180 539 сом 04 тыйын акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2018-жылга карата 1 969 793 сом 05 тыйын калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 787 400 сом;
Кызматтык авто унаа алууга 750 000 сом;
Жайыт комитетине 121 500 сом;
1С программа 40 000 сом;
Рутокен (ЭЦП) 3 100 сом;
Сайттын кызматы 3 000 сом;
Даталуу күндөргө 50 000 сом;
Ж.Курманов китеп чыгарууга жардам 20 000 сом;
Чөө атууга 20 000 сом;
Улан жаңы конушуна эл. линия тартуу 150 000 сом;
Трансформатор коштуруу 24 793 сом;
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги (ата-энелерден түшкөн төлөм) 01.01.2018-жылга калган калдыгы 180 539 сом 04 тыйын бала бакчалардын тарбиялануучуларынын тамак-аш чыгымдарына жумшалсын:
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |