Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 1-6
«Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө »
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2017-жылда аткарган иштери боюнча Э. Абдымамытовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы 2017-жыл ичинде бир катар иштерди аткаргандыгы менен бирге кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Э. Абдымамытовго иштеген ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн тартиптик жаза көрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго сунушталсын;
3. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Э. Абдымамытовго 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ишиндеги кетирген кемчиликтеринен жыйынтык чыгарбаса кызмат орду чечилээри эскертилсин;
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнө түлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |