Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 1-12
«Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – К. Айдыралиев;
Мүчөлөрү: А. Аалиев, К. Асаналиев, Н. Жоломанов, Б. Жеңишбек уулу;
2. Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – Э. Сейитказиев;
Мүчөлөрү: Ж. Акбаева, М. Абдылдаев, Т. Сыдыков;
3. Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – Э. Абдымаликов;
Мүчөлөрү: И. Мелисов, Н. Ясинова, Д. Осмонов;
4. Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – М. Акматалиев;
Мүчөлөрү: Б. Чөлбаева, Т. Каденов;
5. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы – Г. Молдоянова;
Мүчөлөрү: Ж. Курмангалиев, А. Жумабеков;
2. Кайрадан түзүлгөн туруктуу комиссияларга өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |