Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-июлу № 3
«Айыл аймагын өнүктүрүүгө карата «Жаңы багыт» программасынын алкагында келген үстөксүз ссуданы пайдалануу жөнүндө»
Айыл аймагын өнүктүрүүгө карата «Жаңы багыт» программасынын алкагында «Бел-Кара-Суу» айыл-чарба кооперативине 2015-жылы берилген үстөксүз ссуданы кайтаруу, пайдалануу боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагын өнүктүрүүгө карата «Жаңы багыт» программасынын алкагында «Бел-Кара-Суу» айыл-чарба кооперативине 2015-жылы берилген үстөксүз ссуданы кайтаруу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөттүн банктык эсебине 2018-жылдын 20-июлуна чейин төгүү жагы«Бел-Кара-Суу» айыл-чарба кооперативинин башчысы Ж.Качкыналиевге милдеттендирилсин.
2. «Бел-Кара-Суу» айыл-чарба кооперативине 2015-жылы берилген үстөксүз ссуданы айыл өкмөттүн банктык эсебине 2018-жылдын 20-июлуна чейин төгүлбөсө, «Бел-Кара-Суу» айыл-чарба кооперативинин башчысы Ж.Качкыналиевден мыйзам чегинде өндүрүү максатында мамлекеттик органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ф.Токушевага жүктөлсүн.
3. Айыл аймагын өнүктүрүүгө карата «Жаңы багыт» программасынын алкагында «Бел-Кара-Суу» айыл-чарба кооперативине 2015-жылы берилген үстөксүз ссуда айыл өкмөттүн банктык эсебине төгүлгөндөн кийин пайдалануу жагы айылдык Кеңештин кийинки сессияларында каралаары эске алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |