Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-июну № 20/2
«Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча келген акча каражатын пайдалануу жөнүндө»
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетине кошумча келген акча каражатын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине кошумча келген каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 1500,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын:
- Сапар чыгымдарына 63,8 миң сом;
- Телефон байланышына 3,4 мин сом;
- Унаа чыгымдарына 100,0 миң сом;
- Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу 71,0 миң сом;
- ФАП тардын учурдагы ремонтуна 75,0 миң сом;
- Майда инвентарь сатып алууга 23,0 мин сом;
- майда чарбалык буюмдарды сатып алууга 77,8 миң сом;
- Дөбөлү клубунун капиталдык ремонтуна 1000,0 миң сом;
- компьютердик жабдууларды алууга 86,0 мин сом.
Бардыгы 1500,0 миң сом.
3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж |