Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 4
“Тоо-кен маселеси жөнүндө”
2018-жылдын 2-февраль күнү Шамбесай кенин иштетүү боюнча “Тянь-Ди” компаниясы менен жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жыйындын протоколуна негиз:
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 24-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү элдердин Шамбесай алтын кенин иштетүүгө макулдук бербегенине байланыштуу Майдан айылдык кеңеши тарабынан Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксат берилбесин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин атайын тоо-кен комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Курмушуев |