Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 14/55
«Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасына Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы (ЕБРР) тарабынан берилүүчү насыяны алуу үчүн ишкананын техникаларын кепилдике коюуга уруксат берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 20–мартындагы №35 жана Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 20–мартындагы №16 протоколдору менен маселени сессияга сунуштоо боюнча кабыл алынган чечимдерин жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2018–жылдын 13–мартындагы №01–8/428 кайрылуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чыңдоо максатында, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы (ЕБРР) тарабынан берилүүчү насыяны алууга ушул долбоор аркылуу муниципалдык ишканага алынуучу техникаларын кепилдике коюуга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча жана Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | У.Дарипова |