Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 14/56
“Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылынын Механизатор көчөсүндө жайгашкан муниципалдык борбордук кампа аймагынан шаардын аярлуу катмарындагы үйү жок муктаж жарандарга көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана шаардын жергиликтүү бюджетинин үлүшүн кошууга акча каражатын карап берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 12–апрелиндеги №37 жана Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 17–апрелиндеги №17 протоколдору менен маселени сессияга сунуштоо боюнча кабыл алынган чечимдерин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2018–жылдын 6–апрелиндеги №01-8/624 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин Кызыл–Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасынын алкагында чет элдик донордун каржылоосунда Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылынын Механизатор көчөсүндө жайгашкан муниципалдык борбордук кампа аймагынан шаардын аярлуу катмарындагы үйү жок муктаж жарандарга социалдык 1 кабаттуу 5 батирлүү үйлөрдү куруу үчүн 4065 м2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын Ак–Булак айылынын Механизатор көчөсүндө жайгашкан муниципалдык борбордук кампа аймагынан шаардын аярлуу катмарындагы үйү жок муктаж жарандарга курулуп жаткан социалдык 1 кабаттуу 5 батирлүү үйлөрдү курууга шаардын жергиликтүү бюджетинин үлүштүк салымын кошуу үчүн зарыл болгон курулуш материалдары (таш, шагал, кум жана башка материалдар) жана суу менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүүгө шаардын 2018-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинен 650,00 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча жана Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | У.Дарипова |