Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-марты № 56
“Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде билим берүүнүн сапаты боюнча вице-мэрдин маалыматы жана билим берүү бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө”
Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде билим берүүнүн сапаты боюнча вице-мэрдин жана билим берүү бөлүмүнүн башчысынын отчетун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде билим берүүнүн сапаты боюнча вице-мэрдин маалыматы кабыл алынсын
2. Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде билим берүүнүн сапаты боюнча билим берүү бөлүмүнүн башчысынын аткарылган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын
3. Шаардык жалпы билим берүүчү орто мектептеринде билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иш алып барууну камсыз кылуу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин
4. Жалпы билим берүүчү орто мектептеринде камкорчулук кеңешине келип түшкөн финансылык жана материалдык каражаттар жана аларды сарптоо тууралуу отчеттордун берилишин камсыз кылуу жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Азизбеков |