Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 58
“Сабурова Увадат Бараковнага “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Сабурова Увадат Бараковнага “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча шаардык маданият бөлүмүнүн 4-февраль 2015-жылкы №19 сунушу туралуу Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаарынын экономикасын көтөрүүгө жана маданият тармагына кошкон зор салымдары үчүн депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сабурова Увадат Бараковнага “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |