Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 40
“Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы гимназия мектебине үлүштүк грант аркылуу заманбап көп түрдүү спорттук аянтчасын куруу жөнүндө”
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын үлүштүк грант аркылуу Б.Айтматов атындагы гимназия мектебине заманбап көп түрдүү спорттук аянтчасын куруу боюнча сметасын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы гимназия мектебине заманбап көп түрдүү спорттук аянтчасын курууга 5867101 (беш миллион сегиз жүз алтымыш жети миң бир жүз бир) сомду түзгөн сметалык долбоордун 48.6% өздүк салым төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2867101 (эки миллион сегиз жүз алтымыш жети миң бир жүз бир) сом акча каражаты 2018-жыл ичинде ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |