КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
2017-жылдын 3-ноябры № 41
“Кадамжай шаарындагы Орозбеков көчөсүндөгү жарыктандыруу линиясын реконструкциялоо жөнүндө”
Кадамжай шаардык мэриясынын 2017-жылдын 25-октябрындагы кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү, жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 7-пунктунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кадамжай шаарындагы Орозбеков көчөсүндөгү жарыктандыруу линиясын реконструкциялоого акча каражатын сметанын негизинде жергиликтүү бюджеттен каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү, жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын уруксаты менен бөлүнүн берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |