Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 42
“Кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай өндүрүштүк эксплуатациялоочу коммуналдык турак жай чарбасы муниципалдык ишканасынын кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кадамжай шаарынын Металлург көчөсүндө курулуп жаткан 45 батирлүү үйдү бүтүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн негизги сметада каралбай калган кошумча жумуштарга 10 652 941 (он миллион алты жүз элүү эки миң тогуз жүз кырк бир) сом акча каражаты суралсын.
2. Кадамжай шаарындагы авариялык абалдагы көп кабаттуу турак жайларда жашап жаткан тургундардын социалдык материалдык жагдайын эске алуу менен мамлекеттик кредиттин кайтаруу мөөнөтүн 2 жылга узартып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |