Редакцияот 03.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

III чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы

2017-жылдын 3-ноябры № 43

“Кадамжай шаарынын аймагындагы Школьная көчөсүн кеңейтүү жөнүндө”

Кадамжай шаардык кеңеши Школьная көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктунун негизинде

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1.    Кадамжай шаарынын аймагындагы Школьная көчөсүнү 6 метрге кеңейтүүгө уруксат берилип, акча каражатын сметанын негизинде бөлүп берүү жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.

2.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн

 

Төрага

А.Абдраимов