Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 44
“Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айлык киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана статьялардан үнөмдөлгөн акчаларын жылдыруу жөнүндө”
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кадамжай шаарынын 2017-жылдын 9 айлык кирешелер боюнча 34250500 (отуз төрт миллион эки жүз элүү миң беш жүз) сом, чыгашалары боюнча 28420800 (жыйырма сегиз миллион төрт жүз жыйырма миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө аткарылган отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2017-жылдын 9 айына негизги каражаттардан үнөмдөлгөн акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө жана Кадамжай шаарына спец техника сатып алуу максатында 1975500 (бир миллион тогуз жүз жетимиш беш миң беш жүз) сом акча каражаты тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |