Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 47
“Айтматов Толкунбектин кайрылуусу жөнүндө”
Кадамжай шаардык кеңеши Айтматов Толкунбектин арызын жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Т.Айтматовко Кадамжай шаарынын аймагында заманбап кушкана курууга уруксат берилсин.
2. Кушкана куруу үчүн жер тилкесин мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |