Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 48
“Нажимидинова Шазоданын кайрылуусу жөнүндө”
Кадамжай шаардык кеңеши Нажимидинова Шазоданын арызын жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-августундагы № 18 токтому менен бекитилген Кадамжай шаарынын мэриясынын 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгына түзүлгөн иш планынын I.1; II.3 пункттарын аткаруу максатында Ш.Нажимидиновага Кадамжай шаарынын аймагында песко блок жана түрдүү курулуш материалдарын чыгаруучу цех ачуу үчүн жер тилкесин мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |