Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 50
“Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан спорткомплексти жана “Металлург”стадионун муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кадамжай шаардык мэриясынын шаардын аймагындагы спорткомплексти жана “Металлург” стадионун мэриянын балансына өткөруу жөнундөгу кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле обьекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентиги тарабынан жетеерлик деңгээлде каржыланбай, абалы өтө начар болгондугун эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан спорткомплексти жана “Металлург” стадионун мэриянын муниципалдык менчигине өткөруугө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |