Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 51
“Нургазиев” атындагы магистралдык каналды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө”
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик Департаментинин 2017-жылдын 25-октябрындагы 549 номериндеги катын жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бир айлык мөөнөттө “Нургазиев” магистралдык каналынын жээгиндеги коргоо зонасына кирген жерлерди тактап чыгуу жагы каралсын тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |