Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 61
“Развилка” участкасындагы социалдык обьектилерди куруу үчүн ажыратылган жер аянттары жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Развилка участкасындагы үй-жайга берилүүчү 60,0 га жер аянтынан, социалдык обьектилерди куруу үчүн калтырылган жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн “Развилка” участкасынан социалдык обьектилерди куруу үчүн бөлүнгөн жер аянттарын муниципалдык менчикке алууга жана аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Керектүү документтерин даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана райондук архитектура , шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ы.Касымовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Соорбаев |