Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 62
“Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга таштанды таштоочу жайларды куруу үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө”
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга таштанды таштоочу жайлар үчүн жер аянтын трансформациялоо максатында Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Кара жана Зарташ айылдарына Чон-Кара айылынын түндүк батыш тарабынан 1,0 га, Ак-Турпак жана Ак-Өтөк айылдарына Ак-Турпак айылынын түштүк батыш тарабынан 1,0 га, Чон-Талаа айылына Развилка участкасынын түндүк чыгыш тарабынан 1,0 га таштанды таштоочу жайларга жер аянтын бөлүп берүү үчүн жайыт жер аянтынан айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Керектүү документти даярдап берүү жагы Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага | М.Соорбаев |