Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 63
“Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынан курулуш астындагы жана башка жерлер категориясындагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө”
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынан чоң жолдун боюнан курулуш астындагы жана башка жерлер категориясындагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын чыгыш түштүк тарабынан эски заправканын ордунан 0,02 га жер аянтын, Чоң-Кара айылынын түштүк батыш тарабынан эски чөпканага баруучу жолдун сол тарабынан 0,02 га жер аянтын жана эски суу кампасы турган 0,04 га жер аянттарын муниципалдык менчикке алууга жана аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Керектүү документтерин даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана райондук архитектура , шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага | М.Соорбаев |