Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 2
“Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө”
Суу-Башы айылыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүндо көрсөтүлгөндөй, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2018-жылдын кирешелер боюнча планында каралбаган, “Спарлекр” ЖЧКнан келип түшкөн 10250,0 мин сом акча каражаты кошумча киреше катары кабыл алынсын жана 2018-жылдын чыгаша бөлүгүнө чыгашалардын статьялары боюнча төмөнкүдөй болуп бөлүнүп бекитилсин.
- Электроэнергия төлөмдөрүнө- 1000,0 мин сом.
- Кара-Токой балдар бакчасына өздүк салым- 1500,0 мин сом.
- Жайыт комитетинин тракторуна өздүк салым- 200,0 мин сом.
- Гимназия жатаканасынын тамак ашына- 200,0 мин сом.
- Айгул-Таш айылынын суусуна- 1200,0 мин сом.
- Резервдик фондко- 200,0 мин сом.
- Клубтун ремонтуна- 1100,0 мин сом.
- Айыл өкмөтүнүн базасын чындоого- 500,0 мин сом.
- Трансформатор алууга- 300,0 мин сом.
- Балдар бакчасынын айланасын тосууга- 200,0 мин сом.
- таза-суунун айланасын тосууга- 100,0 мин сом.
- Архитектура кызматтарына- 200,0 мин сом.
- Айгул-Таш мектебине жылытуу орнотууга- 150,0 мин сом.
- Балдар бакчасына инвентар алууга- 400,0 мин сом.
- Апкан айылынын чыгымдарына- 650,0 мин сом.
- Кара-Токой айылынын чыгымдарына- 500,0 мин сом.
- Боз-Адыр айылынын чыгымдарына- 500,0 мин сом.
- Бөжөй айылынын чыгымдарына- 500,0 мин сом.
- Айыл өкмөтүндөгү электртрансфору жана эсептегичтерди
мыйзамдаштырууга- 400,0 мин сом.
- Ар кандай салымдар жана колдоолорго- 450,0 мин сом.
Баары- 10250,0 мин сом.
2. 2017-жылдан 2018-жылга калдык катары өткөн 57,5 мин сом киреше, айыл өкмөттүн 2018-жыл учун чыгашалар сметасынын 2222 ар түрдүү сатып алуулар статьясына бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Артыкбаев |