Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-ноябры № 54
«Марказ айыл Өкмөтүндө таштандыларды ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү акысынын тарифин көтөрүү жөнүндө»
Марказ айыл аймагындагы бардык калктуу пунктардан, айылдардан таштандыларды ташып чыгаруу боюнча акы алып кызмат көрсөтүү жөнүндөгү жеке ишкер Бакытбек Айтбаевдин сунушун карап, талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жеке ишкер Б. Айтбаевке Марказ айыл аймагында таштандыларды ташып чыгаруу багытында ишкердик жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл багытындагы таштандыларды таштоочу жайлар жеке ишкер Б.Айтбаевке убактылуу пайдаланууга ижарага берилсин.
3. Таштанды чыгаруу боюнча кызмат акнын төмөнкүдөй тарифи бекитилсин.
Бир ай үчүн, физикалык жактарга 100 сом,
Юридикалык жактарга 200 сом
Ишкердик менен алектенгендерге таштандысын көлөмүнө жараша, 200 сомдон кем эмес.
4. Жеке ишкер Б. Айтбаевке Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде ишкердик жүргүзүү жана ченемдик укуктук актыларын бузбоо жагы уктурулсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Шамшиев |