Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 59
«ОсОО «РЦТ»нын генералдык директору А.Халдаровдун 2017-жылдын 1-декабрындагы жазган катын кароо жөнүндө»
ОсОО «РЦТ»нын генералдык директору А.Халдаровдун 2017-жылдын 1-декабрындагы жазган катын отурумда карап талкуулап чыгып айылдык Кенеши төмөнкүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. ОсОО «РЦТ» интернет кабелин Марказ айыл аймагынан алып өтүү үчүн 15 км жер аянтына уруксат берилсин.
2. Марказ айылынын аймагынан интернет кабелин өткөргөндөн кийин айыл аймагындагы соц обьекттерге интернет менен камсыз кылуусу жана кызмат акысы жана төлөмү женилдетилген тариф менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |