ТоктомКүчүндө

Баткен шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 01-8/2 «Баткен шаардык кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Давлятбек у Чыңгыздын арызын кароо жана «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катарын толуктоо жөнүндө» токтому

Редакция01.02.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2018-жылдын 1-февралы № 01-8/2

«Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Давлятбек у Чыңгыздын арызын кароо жана «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катарын толуктоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» 2016-жылдын 27-июлундагы №151 Мыйзамынын 3-статьясынын 9-пункутуна ылайык жана «Өнүгүү прогресс» саясый партиясынын Баткен шаарындагы бөлүмүнүн 2018-жылдын 18-январагы протокоунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Баткен шаардык Кеңешине «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Давлятбек у Чыңгыздын өз арызынын негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин депутаттык мандаты токтотууга макулдук берилсин. (арызы тиркелет)

     2.Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катары кезектеги талапкер Жамантаева Басбүбү Абдываповна менен толукталсын.

     3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

А.Ташбеков