Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 1
«Шадыкан айыл окмотунун 2018 - жылга жергиликтуу бюджетинин долбоорун бекитуу жана 2019 -2020 жылдарга божомолу жонундо»
Шадыкан айылдык аймактык кеңешинин 27 чакырылышынын 13 сессиясы, айыл окмотунун 2018 – жылга бюджетинин долбоорун угуп , талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шадыкан айыл окмотунун 2018 - жылга бюджетинин көлөмү киреше , чыгашасы менен 6865,4 мин сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн: ( мин сом)
Тендоочу грант - 3506,9 мин сом,
Жалпы кирешелер
Салык толомдору 1843,5
Иш беруу-р тараб. Айлык акы-н кармалуучу киреше салыгы – 573,9 мин сом
Транспорт ээлеринен алынуучу салык – 245,0 мин сом,
Короо-жай жер салыгы –132,0 мин сом,
Айыл чарба жер салыгы – 650,3 мин сом,
Айыл чарба эмес жерлеринен тушкон салык - 18,0 мин сом,
Чакан ишкерлерден, субъектерден алынуучу киреше салыгы - 12,0 мин сом
Патенттик негизде кирешеден алынуучу салык – 138,0 мин сом,
Кыймылсыз мулктон алынуучу салык - 6,3 мин сом,
Сатуудан алынуучу салык - 68,0 мин сом,
Салык эмес киреше булактары - 1035,0
КБФ жерлеринин ижара акысы - 720,0 мин сом
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштеткендиги үчүн – 145,0 мин сом
Жайыт ижарасы үчүн акы - 162,0 мин сом
Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы - 8,0 мин сом
Атайын каражат - 480,0 мин сом
Чыгышалар бөлүгү 6865,4 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча
бекитилсин.
1.Башкаруу аппаратына – 2152,2 мин сом
2.Билим беруу болумуно – 840 мин сом,
3.Социалдык коргоо болумуно – 451,0 мин сом,
4.ЖКХ болумуно – 2336,6 мин сом,
5.Маданият болумуно – 150,6 мин сом.
6. Оборона - 120,0 мин сом
7. Бала бакчага - 227,0 мин сом
8.Экономикалык маселелер бөлүмүнө – 108,0 мин сом
1. Жергиликтүү бюджетте белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы ,соц фонд, коммуналдык чыгым)
2 Жыл ичинде жергиликтуу киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсө ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү киргизү жагы айылдык Кенештин сессиясына сунушталсын.
3.Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
4.Бөлүмдөн бөлүмгө ,статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде ,айылдык аймактык кеңештин
сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
5. 2017-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенинэсебинен 2018-жылга 2,0 мин сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп ,жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып,жыл этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
6.Бакай-Ата районунун Мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 16-январындагы № Б-9/1 буйругунун негизинде жергиликтүү бюджеттен2018 -жылга күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдарда тез – арада куткаруу иштерин уюштуруу жана анын кесепетин жоюу үчүн 120,0 мин сом өлчөмүндө “кол тийгис” акча каражаттарынын запасы түзүлсүн.
7. Ошондой эле Кыргыз ресбубликасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик уктарынын негизги принциптери жөнундо” мыйзамынын 21 статьясынын негизинде
2018 - жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1% не чейинки өлчөмүндө , айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык – экономикалык маданий чыгымдарына 65,3 мин
сом резервдик фонд түзүлүп ,айыл өкмөт башчысыны тескөөсүнө берилсин.
8. 2016 – жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө , казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл окмотунун финансы – экономикалык бөлүмүнө ( башчысы Г.Жээнбаевага) тапшырылсын.
9. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо , өткөн жылдардан калган суммаларды толук өндүрүүгө айыл өкмөтү салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун ,ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн
10. Салык Кодексинин 328 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар мөөнөтүнөн кечиктирилбей алынсын.
12. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын
13. КР Өкмөтүнүн 30.05.2013 - жылынын №302 токтомунун 1 – пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министирлиги аркылуу каржыланары белгиленсин
14. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьяларына (эмгек акы.соц фонд жана электроэнергиясынын чыгымдарына) каралуусу белгиленсин.
15 .Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин.
16. 2019 - жылдын бюджетинин болжолунун жалпы колому 7490,6 мин сом анын ичинен тендоочу грант 3434,0 мин сом, атайын каражат 480,0 мин сом. 2020- жылдын бюджетинин болжолунун жалпы колому 7393,1 мин сом анын ичинен тендоочу грант 3261,5 мин сом,атайын каражат 480,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
17.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Назаралиев |