Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 3
Айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы жаңы көчөгө ысым берүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылынын Жаркын көчөсүнөн сол тарабына кайрылган кыска жаңы көчөгө жалпы жашоочуларынын көчөгө ысым коюу жөнүндөгү протоколун карап. талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылынын Жаркын көчөсүнөн сол тарабынан күн чыгышты көздөй түшкөн жаңы кыска көчө “Келечек” кайрылышы деп атоо жөнүндөгү жашоочулардын жалпы жыйынынын протоколу жактырылсын
2. Жалпы жашоочулардын макулдугу менен аталган көчө “Келечек” кайрылышы деп аталсын.
3. Көчөнүн ысымы жаңы берилип жаткандыгына байланыштуу Бакай-Ата райондук мамкаттоо бөлүмү менен тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
4. Жаңы көчөдөгү үйлөргө табличкаларды даярдап илүү, айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Тойчубековага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаманкулов |