Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-августу № 3
“Тургундардын маселелерин чечип берүү жөнүндө”
1.Токтосун көчөсүнүн тургундарына айыл өкмөт лотоктон жардам берсин,калган чыгымдарды мен төрага катары өз жанымдын чыгарып баарын өзүм бүтөрөм.
2.Токтосун көчөсүнүн жашоочуларынын таза суу боюнча берген арызынын негизинде Касыбай көчөсүнүн жашоочулары Салиев Турар жана Токтосунов Данияр таза сууну Касымбай көчөсүнөн алышсын.
Арызды мыйзам чегинде чечип берүү жагы СООППВнын директору Калыбаев Өскөнгө милдеттендирилсин.
3.Түйтө айылынын тургундары тоголок жетимдер Кенжебек уулу Марс,Кенжебек уулу Манас,Мамытов Мелис,Турусбек уулу Болотбек
Азыр менен сураган жер участогун чечип берүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Жумакуловго жана кеңештин жер комитетине милдеттендирилсин.
4. Ынтымак айылынын тургуну Рысбеков Акжолго убактылуу веремянка салууга 5-жылдык мөөнөт менен таш короо салуу үчүн уруксат берилсин.
5.Сатыкеев Өзүбекке эски уй сарайдын жанынан пайданалуу үчүн 1,5 га жер берилсин.
6.СПА нын директору Алчымбаевдин арызында сураган 40 миң сом акча каражаты финансылык тартыштыка байланыштуу берилбейт.
7.Өзүбеков Күмүш стим гранттын подрядчигинин кайрылуусу негизинде сметага өзгөртүү киргизилип комиссия курамы бекитилсин.
Комиссия курамына төмөндөгү депутаттар кирсин.
1. Кененбаев Манасбек
2 Биримкулов Рамис
3.Шопоков Нышанбек
4.Суютбеков Урстомбек.
8.Жооптуу катчынын компютерине модем алып берилсин жана единица үчүн 2000 миң сом прочий расходдон бөлүп берүү жагы каржы – экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Жээнбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Назаралиев |