Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-августу № 26
“Кара-Суу айыл аймагындагы Кадыркул уулу Жолдош атындагы кичи футбол аянтчасын”арендага берүү жөнүндө
1. Кара-Суу айыл аймагындагы Кадыркул уулу Жолдош атындагы кичи футбол аянтчасы бир жылдык мөөнөткө арендага бекитилип берилсин.
2. Арендага алган айыл тургуну Сарбагышов Арзымат менен Кара-Суу айыл өкмөтү келишим түзүлсүн, келишим мөөнөтү аныкталсын.
3. Аренда акысы белгиленсин жана милдеттери аныкталсын.
4. Токтомдун аткарылышы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык аймактык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |