Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 27
“Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара мамилелер боюнча түшкөн каражат жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара мамилелер боюнча түшкөн акча каражаты жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара мамилелер боюнча түшкөн 1.000000 (бир миллион)сомду максаттуу пайдалануу боюнча акча каражаты төмөнкүдөй багыттарга жумшалсын.
2. Кара-Суу айылдык аймагында курулуп жаткан бала бакчанын ичине эмеректерди алууга 1.000000 (бир миллион) сом жумшалсын.
3.Токтомдун аткарылышы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык аймактык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |