Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын 11- кезексиз сессиясы
2017-жылдын 29-сентябры № 28
“Акча каражаттар жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 466 сандуу токтомун жетекчиликке алып Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын жана эмгек акыларын 1-сентябрь 2017-жылдан №466 сандуу токтомуна ылайык бекитилген бюджетке кошулуп бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү №466 сандуу токтомунун негизинде бекитилген бюджетке көбөйгөн айлыктын айырмасы Республикалык бюджеттен суралсын;
3. Кара-Суу айыл өкмөтү делегированных мамлекеттик полномочьялык штаттык бирдиктин (экономикалык статистик) Кыргыз Республикалык мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акыларын көбөйгөнү 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомунун негизинде 1-сентябрь 2017-жылдан баштап Республикалык бюджеттен түшкөн өз ара эсептешүү каражатынын калган акча каражаттарына кошулуп бекитилсин;
4. Бекитилген штаттык саны жана эмгек акыларын эсептеп такташып сметага киргизүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жунушалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |