Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 1
“Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө”
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 4959,4 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 4959,4 миң сом менен сунушталсын.
2. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 5076,2 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 5076,2 миң сом менен сунушталсын.
3. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 5198,8 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 5198,8 миң сом менен сунушталсын.
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |