Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-сентябры № 2
“2017-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө”
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүндө кошумча сметада каралган акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө ,статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап , депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2 .2017-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ТЖК бөлүмүнүн 3111 статьясындагы 423500 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жылдырылып берилсин.
Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппарат бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 31000 сом , 2221 ( мүлктү учурдагы оңдоо) статьясына 30000 сом, 3112 (машиналар жана жабдуулар) статьясына 200000 сом жалпысы 261000 сом .
Анын ичинен:
-Газета журналдарга жарыяга берүүгө 21000 сом;
-Ар кандай чыгымдарга 10000 сом;
-Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин астындагы арыгына цемент алууга 30000 сом;
-Мультимедия борборуна эмеректерди алууга 96000 сом;
-Стол 2 даана х 12000 сомдон 24000 сом;
-Стул 5 даана 2000 сомдон 10000 сом;
-Шкаф 2 даана 15000 сомдон 30000 сом;
-Компьютер 1 комплект 40000 сом.
ТЖК бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 86500 сом .
Анын ичинен:
-Түнкү жарыктандыруунун сметасын түздүрүүгө 18083 сом;
-Түнкү жарыктын сметасын экспертизадан өткөрүү үчүн 25088 сом;
-Технадзорго 12620 сом;
-ГАСН (экотехинспекция надзор жасайт) 5409 сом;
-Архитектурага 22600 сом ;
-Трансформаторго инженердик техникалык шарт (техусловия) алууга – 2700 сом.
Билим берүү бөлүмүнө мектептин 80 жылдык маарекесин өткөрүү үчүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 20000 сом.
Экономикалык маселер бөлүмүнө Күмүштак өрөөнүнүн “Сары-Тектир”участогунда көпүрө салууга жол жараксыз болгондугуна байланыштуу жолдорго кум-шагыл төгүү үчүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 36000 сом.
Социалдык коргоо бөлүмүнө 20000 сом.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |